Кечээ, 13-январда кыргызстандык спортчу Дмитрий Трелевский лыжа спорту боюнча Италияда өткөн Эл аралык мелдеште 19-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Кабарлангандай, Дмитрий Трелевский алгачкы жарышында 17-орунду ээлеген. Ал эми суперкомбинация түрүндөгү жарышта 19-орунду ээледи.
Дагы бир кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев ушул мелдеште 23-орунду ээлдеди. Ал эми суперкомбинация түрүндөгү жарышта мара сызыгына жеткен эмес.
Эске салсак, бул мелдештерде топтогон упайлардын негизинде спортчулар “Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо утушат.