The New York Times: АКШ Иран боюнча калп маалымат берип жатышы мүмкүн

АКШ менен Израилдин Ирандагы өзөктүк объекттерге жасаган аба чабуулдарынан кийин, Тегерандын колунда калган байытылган урандын көлөмү боюнча чалгын маалыматтары Вашингтондун расмий билдирүүлөрүнө шайкеш келбейт. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.

АКШ "Натанз" заводундагы уранды толук жок кылдык деген. Бирок чыныгы чалгын маалыматтарына караганда, завод жараксыз болгону менен, уран жок кылынган эмес.

"Биздин максат - уранды жерге көмүү болчу, жана мен ал көмүлгөнүнө ишенем",- деп билдирген АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс.

"Ирандын байытылган ураны кайда кеткени белгисиз",- деп билдирди МАГАТЭнин башчысы.

CNN басылмасы "АКШнын чабуулу Ирандын өзөктүк программасын толук токтоткон жок, болгону бир нече айга артка сүрдү" деп жазды.

АКШ элге "Ирандын ураны жок кылынды" деп билдирген. Бирок чыныгы маалыматтар андай эмес экенин көрсөтүүдө. Иранда канча уран калганын азырынча эч ким так билбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан