24-июнда Баткен облусунун Эски-Оочу айылында 30 миң сом пара алып жаткан учурда аскер кызматкерлери кармалышты. Алар Чек ара кызматынын “Максат” заставасындагы 2021 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери экендигин УКМК билдирди.
Мүмкүн болгон контрабандалык жүктөрдү аныктоо жана алдын алуу үчүн түзүлгөн посттор аркылуу Тажикстандын багыты боюнча контрабандалык жүктөрдү системдүү түрдө өткөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган.
Тергөө иштери жүрүп жатат.