Ноокаттагы Ак-Булактын тургундары өз эсебинен айылына көпүрө салышты

Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булак айылындагы эл тарабынан салынган көпүрө колдонууга берилди.

Жергиликтүүлөр мурунку көпүрө кооптуулук жараткандан улам, бийликти күтүп отурбай, бул чечимге барышканын билдирди.

"Мурунку көпүрө буга чейин эскилиги жетип, кооптуулук жаралып жаткан. ӨКМ тарабынан корутунду берилип, жаан-чачында ‎каналдан суу ташып да кетчү. Бул маселени жергиликтүү эл колго алып, 10 миллион сомдон ашык каражат жумшалды. Анын 300 миң сому жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланса, калганы Ак-Булак айылынын тургундарынан чогултулду. Көпүрө айылдын транспорттук байланыштарын жакшыртып, элдин күнүмдүк муктаждыктарын чечүүгө жардам берет", - деп билдирди жергиликтүү тургундар.

Мындан тышкары 10 миң жашоочу жашаган элет жери өз каражаттарына жылда бир жарым чакырым жолду асфальттап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан