Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу кызы Айшат Кадырова өзүнүн Instagram баракчасында 17 жаштагы иниси Адам Кадыров жакында үйлөнө турганын билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Адам Кадыров — Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун үчүнчү уулу жана анын жардамчысы. 2023-жылдын ноябрь айынан тарта ал Чеченстандын башчысынын Коопсуздук кызматын да жетектеп келет.
Айшат Кадырова бул маалыматты социалдык тармактагы баракчасында ага суроо узаткан катталуучусуна жооп берип жатып «Менин иним Адам үйлөнөт» деп жазган. Анын айтымында, үйлөнүү той Кадыровдордун туулган айылы Ахмат-Юрттагы ата-энесинин үйүндө өтөт. Кадырова окуя боюнча Instagram баракчасында бир нече сүрөт жарыялаган.
2023-жылдын октябрь айында Адам Кадыровго Чеченстандын Баатыры наамы ыйгарылган. Ал эми 2024-жылдын август айында ага Чеченстандын эң жогорку сыйлыгы — "Кадыров" ордени тапшырылган.
Адам Кадыровдун жаш курагына карабастан, көптөгөн расмий кызматтарда иштеп жатканы жана ар кандай жогорку мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгону коомчулукта кызуу талкуу жаратып келет.