
Эртең, 28-июнда өлкөнүн тоолуу райондорунда күн күркүрөп, жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37 градуска жетсе, Талас аймагында +30...+35 градус болот. Ал эми Ысык-Көл жергесинде +22...+27 градус болсо, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот.
Абанын температурасы Бишкек шаарында жана Ошто +34...+36 градуска чейин көтөрүлөт.