Президент Садыр Жапаровдун 26-27-июндагы Беларуска болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы биринчи күнү БелЭКСПО Минск эл аралык көргөзмө борборунун аянтында Евразия экономикалык форумуна катышты. Андан кийин ЖЕЭК катышуучу-өлкөлөрүнүн лидерлери беларус техникаларынын үлгүлөрү менен таанышышты.
Экинчи күнү Жапаров Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Иш-чарага Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары - Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттер – Өзбекстандын, Куба Республикасынын жана чакырылган коноктор – Монголия, БАЭ башчылары катышты.
ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду.
Беларуска болгон иш сапарын аяктап, президент Жапаров 27-июнда Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.