Бүгүн, 28-июнда Иса Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылды, айрым автобустардын каттамы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Иса Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Саякбай Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылды.
Ушуга байланыштуу, оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда автобус каттамдарынын схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Тагыраагы, №6, 49, 61, 100, 101, 105, 146 жана 162 номерлүү автобустардын жүрүү жолдорунда өзгөрүүлөр болду.
"Бишкек шаарынын мэриясы алдын ала маршруттарыңызды пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууга чакырат. Бул көчөлөрдө тыгындардын алдын алууга жардам берет", - деп айтылат маалыматта.