Кечээ, 27-июнда Ош шаарында алгачкы муниципалдык социалдык жатакана ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Үч кабаттан турган жатаканада 45 бөлмө болуп, ар бир кабатта бардык шарттары менен ашкана, даараткана жана жуунучу бөлмөлөр каралган. Бул жерге жайгаштырыла турган үй-бүлөлөрдү атайын комиссия социалдык абалын карап чыгып, уруксат берет.
Жашоочулар 6 айдан тарта 2 жылга чейин жашай алат. Бул аралыкта аларга жумуш орун таап берилип, андан ары өз жашоосун жолго коюп алууга багыт берилип, көмөк көрсөтүлөт. Ошондой эле коммуналдык бардык төлөмдөрдөн бошотулат.