"Ага терең урмат менен мамиле кылам". Путин Трамп тууралуу пикирин билдирди

Кечээ, 27-июнда Минск шаарында өткөн ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгынан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШнын президенти Дональд Трампка «терең урмат менен» мамиле кыларын белгиледи.

Журналисттердин Путинден Дональд Трамп менен жеке жолугушуу тууралуу пикирин сурашкан.

Владимир Путин бул суроого: «Ал бийликке жана Ак үйгө кайтып келүү жолунда абдан оор, татаал жана кооптуу этаптардан өттү, биз муну жакшы билебиз. Ал өмүрүнө болгон бир нече коркунучту да баштан кечирди. Бул — анын кайраттуу адам экенин көрсөтөт.

Ал ички саясатта, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча жана Украина маселесин жөнгө салуу жаатында олуттуу аракеттерди көрүп жатат. Биз бул аракеттерди жогору баалайбыз. Мен буга чейин да айткам, азыр дагы расмий түрдө кайталагым келет, менин оюмча, президент Трамп Украинаны жөнгө салууга чындап кызыкдар.

Мен ар дайым диалогго жана жолугушууларга даярмын. Трамп дагы жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан. Мен да анын оюн колдойм. Жалпысынан алып караганда, президент Трамптын аркасында Орусия менен АКШнын ортосундагы мамилелер айрым багыттарда тең салмактуу боло баштады. Дипломатиялык мамилелерде баары чечиле элек, бирок алгачкы кадамдар бар, жана биз алдыга жылып жатабыз.

Ошондой эле биз экономикалык кызматташтык боюнча да чоң мүмкүнчүлүктөргө ээбиз. Америкалык бизнес биздин рынокко кайтууну каалап жатканы тууралуу бизге белги берип жатат. Биз муну кубаттайбыз. Бул багытта да ырааттуу даярдык керек. Ошондуктан жолугушуу толук мүмкүн жана биз аны даярдоого кубаныч менен киришебиз", - деди Владимир Путин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан