
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жээктен ашып, коркунуч жараткан Алмалуу айылына РЭТтен (Райондук электр тармактары) 16 кызматкер тартылып, жогору тарабында электр мамычаларынын түбүн бекемдөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жеринде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ (5 кызматкер), райондук ӨК бөлүмүнөн 24 кызматкер, 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, №43 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, райондук Жарандык коргонуу кызматынан 22 кызматкер, ИИМден 28 кызматкер, 7 атайын техника, айыл аймактан 19 кызматкер, 2 экскаватор, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор жалпы 114 адам, 14 техника даярдыкта турат.
Эске салсак, кечээ, 27-июнь күнү Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр бийик тоолуу көлү жырылып, Алмалуу, Горная Серафимовка, Нижняя Серафимовка айылдарын аралап өтүп, Алмалуу айылында 1 көпүрөнү агызып, жол жабылган. Ошондой эле Бишкек–Кой-Таш–Ысык-Ата унаа жолуна, дачаларды, көпүрөлөрдү, жана карылар үйүнүн суу дарбазасын каптап кетүү коркунучун жараткан.
Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу максатында бүгүн, 28-июнь күнү Ысык-Ата райондук администрация тарабынан райондун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилди.