АКШнын Жоржия штатында асмандан түшкөн сырдуу оттуу шар жер титирөөгө себеп болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
АКШнын Улуттук метеорология кызматынын Facebook социалдык тармагындагы билдирүүсүнө ылайык, Түндүк Жоржиянын асманында оттуу шар (метеорит же космостук калдыктар) байкалган. Анын артынан көп өтпөй аймакта жер титирөө сезилип, андан кийин асманда белгисиз нерсе жаркыраган. Бул көрүнүштү коңшу Түштүк Каролина штатынын түндүк бөлүгүндө да байкашкан.
Метеорология кызматынын маалыматына караганда, бул жер титирөө метеориттин же космостук калдыктын жерге түшүүсүнөн пайда болгон сокку толкуну экени аныкталган.
Оттуу шардын кыймылы өтө ылдам болгондуктан, аны радар же спутниктин жардамы менен байкоо мүмкүн болгон эмес.
Учурда адистер бул окуя боюнча иликтөө иштерин улантууда. Жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.