УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткал дарыясына салынып жаткан чакан ГЭСтердин курулушун баштап берди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ташиев 28-июнь күнү Чаткал өрөөнүндө алгачкы "Башкы-Терек" ГЭСнин имаратында капсула салуу аземине катышты.
Чаткал дарыясында ГЭСтер каскадын куруу боюнча инвестициялык долбоордо 4 чакан ГЭС каралып, 3 жыл ичинде курулуп бүтөт. ГЭСтерге "Гран Холдинг" ЖЧКсы инвестор болгон. Чаткал каскад ГЭСтери Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Бул долбоор ишке ашса Чаткал өрөөнү туруктуу электр энергия менен камсыз болот жана Ала-Бука, Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Белгилей кетсек, Чаткал өрөөнүндө биринчи жолу ГЭС салынып жатат. Бул өлкөдөгү жеке өнөктөштөр тарабынан курулуп жаткан эң ири долбоор болуп саналат.
Ошондой эле Чаткал районунда узундугу 16 чакырым болгон Каныш-Кыя–Кара-Буура автожолунун курулушуна да старт берилди. 16 чакырым жолдо эң татаал жумуштар аткарылат. Мында тоону тешип жардыруу, бир көпүрө, суу темир-бетон түтүктөрү, жер иштери жасалат. Бул үчүн республикалык казынадан 1 миллиард 700 миллион сом бөлүнгөн. Курулуштун бүтүү мөөнөтү 2026-жылдын октябрь айынын аягына туура келет.
Долбоордун максаты регионалдык товарлардын жана жумуштун рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, алыскы Чаткал районунун тургундарынын башка облустарга жана мамлекеттерге байланыштуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Чаткал районунун туристтик потенциалын жогорулатуу болуп саналат.
Ала-Бука–Жаңы-Базар–Киров жолу 210 чакырымды түзөт. Таласка кеткен жолдун негизги 172 чакырымы планга кирген. Анын ичинен бүгүнкү күндө 100 чакырымында иш жүрүп жатат. Быйыл толугу менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилет.