Төрага Тургунбек уулу ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышат

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын 32-сессиясына катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, төрага жыйынга катышуу үчүн Португалияга жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт. Андан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан