
Өлкө аймагында соңку суткада 40 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 42 күжүрмөн эсеп тартылды.
ӨКМ билдиргендей, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 4, Ош облусунда 9, Чүй облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 7, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырды.