Ошто каналдын жээктерин курулуштардан тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат (видео)

Ош шаарында суу аккан негизги каналдардын жээктерин тосуп алган жарандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Ош мэриясы билдирди.

Маалымдалгандай, Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери шаар ичиндеги каналдардын корук аймагына салынган курулуштардын ээлерине эскертүүлөрдү берип, мыйзамсыз ээлеп алган жерлерди ченеп берип жатышат. Курулуштарды тургундар өздөрү бузуп алышы керектиги түшүндүрүлүүдө.

Айта кетсек, буга чейин шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев каналдын жээктерин кыдырып, тийиштүү жетекчилерге бир нече тапшырмаларды берди.

Ошто каналдын жээктерин курулуштардан тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан