УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Чаткал районуна болгон иш сапарынын алкагында өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине кайрылып, эскертүү берди.
Анын айтымында, элдин жүгүн алган жооптуу адамдар эс алууну билбей иштеши керек.
“Ишемби, жекшемби деген нерсе болбош керек бизде. Айрыкча мамлекеттик органдардын жетекчилери, бирөөңөр эмгек өргүүгө чыгып, тоодо, Ысык-Көлдө же чет өлкөдө ойноп жүргөнүңөрдү көрбөйүн. Мен аны тез эле билип алам. Билинип калса, анда дароо жумуштан кетесиңер жана жоопкерчиликке тартыласыңар”,- деди Ташиев.