Бишкекке жакын аймакта орун алган жол кырсыгында бир айдоочу каза болуп, бир кыз ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирет.
Кырсык 27-июнда, саат болжол менен 02:30да Люксембург айылында болгон. 2002-жылы туулган Т.С. аттуу жаран Lexus LX 570 унаасын айдап, чыгыштан батышка карай бара жаткан. Ал эми ошол эле багытта 1998-жылы туулган Р.А. айдаган Daewoo Nexia унаасы жүрүп, анда жүргүнчү кыз да болгон.
Кырсыктан Daewoo Nexiaнин айдоочусу ошол жерде каза тапкан. Жүргүнчү кыз оор жаракат алып, Ысык-Ата райондук Канат ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.