Ат-Башыда "Кыргыз даамы", "Кыргыз шырдагы" фестивалдары жана кыргыз күрөшү боюнча "Хан Кошой" эл аралык мелдеши өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Фестивалдар 28-29-июнь күндөрү Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, депутат Мирлан Самыйкожо, облус башчысынын орун басары Адыл Сапаров, райондун акими Эмилбек Абдыкадыров, республиканын бардык аймактарынан келген коноктор күбө болушту.
Фестивалда райондогу айыл аймактардын ордолору уюшулуп, улуттук нукура азык-түлүктөрүн, унутта бараткан тамак-аштарын сынакка коюшту. Ал эми жети дубандан келген кол өнөрчүлөр, өз аймактарында өзгөчөлөнүп жасалган шырдактарын, кол эмгектерин алып келип, элдин, калыстардын сынына коюшту.
Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана өлкөбүздүн балбандары күрөштөн күч сынашып, жаачылар, сүрөтчүлөр дагы өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Иш-чара алгач манастан үзүндү айтуу менен башталып, андан соң кыргыз шырдагын даярдоо, улуттук азыктарынан нандын, кымыздын жасалышы, казан асуу, устукан тартуу маданияты сахналаштырылып көрсөтүү менен башталды. Белгилүү төкмө акындар көчмөн кыргыз элинин маданиятын, улуттук азыктарын, кол өнөрчүлүгүн даңкташты.
Тамак-аш, шырдак сынактарына атайын илимий изилдөөчүлөр, тарыхчылар, профессорлор, кол өнөрчүлөр жана бул тармакта тажрыйбасы мол калыстар дайындалып, сынактардын жыйынтыгын чыгарышты. Жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле чыныгы балбандар аныкталып, кур, диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.