Прокурор Канышай Мамыркулованы 8 жыл 6 айга эркинен ажыратууну сунуштады

Бүгүн, 30-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча кезектеги отурум болуп өттү. Бул тууралуу адвокат Асел Аргымбаева билдирди.

Маалым болгондой, прокурор Канышай Мамыркуловага эки берененин негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен 8 жыл 6 ай эркинен ажыратууну сурады.

"Айыпталуучунун - тагдыры соттун адилеттүүлүгү менен калыстыгына көз каранды болгон адамдын сурагы аяктагандан кийин, судья капысынан коргоочу тарапты жарыш сөзгө өтүүгө шаштырды. Ал акырын үн менен, бирок туруктуу түрдө бизди жарыш сөздөрдү баштап, өкүм чыгарууга өтүүгө ынандырды. Анын жүйөсү болсо - жумуш өргүүсүнүн мөөнөтүнүн жакындап калганы болду.

Судьянын жеке өргүүсү менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан адамдын тагдырын салыштырса болобу? Эгер айыпталуучунун толук коргонуу укугу "өргүүгө үлгүрүү" маселесинен төмөн коюлса, мындай учурда сот адилеттүүлүгү менен сот системинин абийири жөнүндө кантип сөз кылууга болот?",- деп жазды Аргымбаева социалдык тармактагы баракчасына.

Ошондой эле ал Мамыркулова жарыш сөзгө чыкканда, судья ачууланып, сөзүн бөлүп, сүйлөөгө толук мүмкүнчүлүк бербегенин кошумчалады.

Эске салсак, журналист Канышай Мамыркулова быйыл 20-мартта кармалган. Ал Жазык кодексинин "Массалык башаламандыкка чакырыктар" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча айыпталууда.

Журналисттер жана укук коргоо уюмдары президентке жана күч түзүмдөрүнө ачык кат жөнөтүшүп, Мамыркулованын камакта отурушу анын ден соолугуна коркунуч жаратат жана сөз эркиндигине каршы келет деп билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан