Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматкерлерди президент Садыр Жапаровдон үлгү алып иштөөгө чакырды.
Ал өлкө башчынын акыркы мамлекеттик сапарларын мисал кылды.
"Президентибиз күнү-түнү тынбайт. Мына акыркы 3-4 күн учакта уктады. Түнкү саат 1:30да Малайзиядан учуп келди да, аэропорттон учактан чыкпай туруп кайра Минскке учуп кетти. Ошондуктан жергиликтүү бийлик органдары, бардык мамлекеттик аткаминерлер ушундай иштешиңер керек",- деди Ташиев Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушуу учурунда.