Ташиев: "Мыйзам бузган аткаминерлерге каарыбызды, элибизге мээримибизди төгөбүз" (видео)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлукка аралашкан жергиликтүү бийликтин жетекчилери катуу жаза алышарын айтты.

Ал айыл өкмөттөр айылдары, акимдер райондору үчүн жооптуу экенин белгиледи.

"Эгер эптеп күн өткөсүп, коррупциялык элементтерге аралаша турган болсоңор жооп бересиңер. Мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлерге биз каарыбызды төгөбүз. Ал эми элибизге мээримибизди төгөбүз. "Уурдасак боло берет экен" дегендер кызматтан өзүңөр кетип калганыңар жакшы.

Эртең камалып, куулуп жаманатты болгондон көрө, иштегиңер келбесе кызматыңарды тапшыргыла", - деди ал Чаткал районунун тургундары менен болгон жолугушууда.

Камчыбек Ташиев
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан