Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондагы Ново-Вознесеновка айылынын аймагында 29,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жер аянты айыл чарба багытында болгон. Кийин "А." дыйкан чарбасынын жеке менчигине мыйзамсыз өтүп кеткен.
Көрүлгөн чаралардын негизинде баасы 20 миллион 801 миң сомду түзгөн жер мамлекетке алынды.