Азербайжандын Москвадагы элчиси Рахман Мустафаев Орусиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Элчи Бакунун достукка жатпаган иш-аракеттерине жана орусиялык журналисттердин мыйзамсыз камалышына байланыштуу чакыртылды. Буга чейин эки өлкө бири-бирине дооматы жок болчу",- деп айтылат маалыматта.
Москва Азербайжандагы башка орусиялык журналисттердин айланасындагы кырдаалга тынчсызданып жаткандыгы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, Бакуда "Sputnik Азербайжан" агенттигинин эки журналистин күч түзүмдөрү кармап кеткендиги айтылды.