Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы кабарлады.
Ага ылайык, ал жакта Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат.