Ирандын аймагында жүргөн 42 кыргызстандык (4 жаран Түркмөнстанга, 38 жаран Азербайжанга) эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө караганда, учурда эвакуацияланган жарандардын баары Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишти.
Министрлик Кыргыз өлкөсүнүн чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен тыгыз байланышта болуп, чет өлкөлөрдө жүргөн жарандар менен ар тараптуу колдоо көрсөтүлдү. Алардын Кыргызстанга коопсуз кайтып келишин камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерин улантууда.