Путин менен Макрон 3 жылдан соң телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон телефон аркылуу сүйлөшүшкөнүн Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Лидерлер акыркы жолу 2022-жылдын сентябрында телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Орусия менен Франциянын президенттери Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашкан. Ошондой эле мамлекет башчылары Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, иран-израилдик тирештин жана АКШнын Ирандын өзөктүк объекттерине сокку уруусунун контекстинде кеңири талкуу кылышкан.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Путин менен Макрон БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү катары Орусия менен Франциянын тынчтыкты жана коопсуздукту, анын ичинде Жакынкы Чыгышта, ошондой эле ядролук куралды жайылтпоонун глобалдык режимин сактоодо өзгөчө жоопкерчилигин белгилешкен.

"Лидерлер Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги кризисти жөнгө салууга, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы башка карама-каршылыктарды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүнү колдой тургандыктарын билдиришти",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан