Бишкектеги Республикалык стоматологиянын менчиктештирилип кеткен имараты мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү №173 дарегинде жайгашкан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык стоматологиялык клиниканын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда УКМК кабарлады.

Маалым болгондой, аталган имарат 1999-жылы кызмат адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткен.

"Менчиктештирүү жол-жобосу ачык конкурстарды өткөрүү талаптарын сактабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызыкдар тараптардын алдын ала сүйлөшүп алуу белгилери менен жүргүзүлгөндүгү такталган",- деп айтылат маалыматта.

Жалпы аянты 1510 чарчы метр болгон имаратты, ошондой эле андагы мүлктү менчик ээси ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан