Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу Европа өлкөлөрүнө баңги каражаттарынын ири партияларын жеткирүү менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарынын аймагында жалпы салмагы 174 килограмм 800 грамм "героин" баңги каражаты табылып алынды.
Башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте эл аралык баңги каналынын уюштуруучулары жана аткаруучулары кармалганы маалыматта кошумчаланды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.