Жеңишбек Токторбаев Ош мэриясында кадрдык өзгөрүү жасады

Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Семетей Козуев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору билдирди.
Тиешелүү документке мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду. Калаа башчынын дагы башка тескемелерине ылайык, төмөнкү жетекчилер кызматка бекитилди:
  • Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын башчысы болуп, которуу жолу менен Нурбек Исмаилов;
  • Оштогу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын директору болуп, которуу жолу менен Долатбек Кокочоров;
  • “Ош шаар суу канал” муниципалдык ишканасынын директору болуп Талант Байкишиев;
  • Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба муниципалдык ишканасынын директору болуп Мурадил Тешебаев.
Аталган жетекчилерди бүгүн, 2-июлда мэр Токторбаев эмгек жамаатка тааныштырып, алдыдагы жумуштарына ийгиликтерди каалап, бир катар тапшырма, талаптарды койду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан