Садыр Жапаровдун учагы Москванын аэропортуна конду. Ким тосуп алды?

Бүгүн, 2-июлда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусиянын борборуна барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду. Жапаровду Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Буга чейин мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путинге жолугуу үчүн Москвага бара тургандыгы айтылган. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан