АКШнын лидери Дональд Трамп президенттик учактын бортунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өзүнөн мурунку үч жетекчини сынга алды.
"Обама коркунучтуу президент болгон. Байден өлкөбүздүн тарыхындагы эң начар президент болгон. Президент Буш Жакынкы Чыгышта жардыруу кылбашы керек болчу. Ошондуктан мен ага жогорку баа бербейм",- деген ал.
Чет элдик басылмалар Трамп өзүнө гана жогорку баа бергенин белгилешти.