Чүй ОИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан “унаа сатып алууда алдамчылыкка барган” деген шек менен бир адам кармалды. Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну Ысык-Ата районунун жашоочусунун ишеничине кирип “бөлүп төлөп берем” деп ВМW X-5 унаасын сатып алган. Бирок сатып алуучу ушул убакка чейин унаанын акчасын бербей качып жүргөн. Бул факты боюнча 166-берене (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бир катар иш-чаралардын негизинде кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.