Испаниянын Каталония автономдук аймагынын Льейда провинциясындагы айылдан чыккан токой өртү 6 500 гектар аянтты күлгө айлантты. Бул тууралуу Каталониянын лидери Сальвадор Илья социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт учурунда бир дыйкан жана анын жумушчусу каза болгон.
Каталониянын ички иштер министри Нурия Парлон маркумдар өрттөн качып жатып жалынга кабылганын билдирди. Өрт азырынча көзөмөлгө алынганы кабарланды.