Токмокто баласынын ишин жабуу үчүн милиция кызматкерлерине пара сунуштаган жаран кармалды

Токмок шаарында милиция кызматкерине пара сунуштаган 48 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-июнда Токмок шаарында мотоцикл башкарып бара жаткан жашы жете элек өспүрүм МАИ кызматкерлери тарабынан токтотулган. Текшерүүдө анын тийиштүү документтери жок болгондуктан мотоцикл айып короого киргизилген.

Бул окуянын негизинде ЖККБнын кызматкерине жашы жетелек өспүрүмдүн атасы кайрылып, жогорудагы ишти чечип берүү максатында акча каражатын сунуштаган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убадалаган парасын берүү учурунда кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан