ХАМАС Газада ок атышпоону токтотууга даяр экенин билдирди. Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштаган жана Израил менен макулдашылган планды азырынча кабыл ала элек.
ХАМАСтын басма сөз катчысы Тахер аль-Нунунун айтымында, топ макулдашууга жетишүүгө даяр.
“ХАМАС согушту толук токтотууга айкын алып келген бардык демилгени кабыл алууга даяр”, - деп келтирет чет элдик басылмалар анын сөзүн.
Буга чейин Трамп Израил Газада 60 күндүк ок атышпоо келишимине макул болгонун, анын жүрүшүндө ал согушту токтотууга аракет кыларын билдирген.