CNN басылмасы Украинанын чалгын кызматына таянып, Түндүк Корея Украинага каршы Орусия тарабында согушуп жаткан аскерлеринин санын үч эсеге көбөйтүп, кошумча 25-30 миң аскер жөнөтүүнү пландап жатканын жазып чыкты.
Чалгын кызматынын болжолуна караганда, аскерлер Орусияга жакынкы айларда жеткирилиши мүмкүн. Журналисттердин эсинде 2024-жылдын ноябрь айында Түндүк Корея Курск аймагында согушуу үчүн Орусияга 11 миң жоокерин жөнөткөн.
Батыш бийликтеринин маалыматы боюнча, согуш учурунда 4 миңдей түндүк кореялык жоокер курман болгон жана жарадар болгон.