АКШ Украинага курал жеткирүүнү толугу менен токтоткон жок, болгону айрым учурларда жеткирүүлөргө убактылуу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюс билдирди.
"Бул жеткирүүнүн токтотулушу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эч кандай таасир этпейт. Себеби биз Украинага курал-жарак жөнөтүүнү токтоткон жокпуз. Бул болгону өзүнчө бир жагдай, бир учур, бир чечим. Бул тууралуу Пентагондон да укканыңыздардай эле, Украина боюнча башка активдүү пландар дагы бар",- деди Брюс маалымат жыйынында.
Анын айтымында, мындай чечим АКШнын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу максатында кабыл алынган. Украина тарап болсо, кээ бир курал түрлөрүнүн жеткирүүсү убактылуу токтотулары тууралуу алдын ала кабардар болгон.
Сөз Полшадагы кампаларда турган куралдар тууралуу болууда. Wall Street Journal басылмасы ак үй жана Конгресстеги булактарга таянып, Полшада Украинага жеткирилбей калган курал-жарактардын катарына төмөнкүлөрдү киргизген:
Белгилүү болгондой, АКШ өзүнүн аскердик камдык деңгээлин төмөндөтүп койбоо үчүн аскердик жардамдарды кайра карап чыгууда. Бул - Пентагондун башка өлкөлөргө жардам берүү саясатындагы кайра баалоо менен байланыштуу.
Эске салсак, буга чейин АКШ Украинаны колдоо максатында жөнөтүлмөкчү болгон айрым аскердик жабдууларды жөнөтүүдөн баш тартканы тууралуу маалымат тараган.
Украина президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк бул маалыматты четке кагып, мындай кадам "гуманизмге каршы" көрүнүш болуп калмак деп билдирген.
Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда бул кырдаалга жооп катары Европа өлкөлөрү менен биргелешкен курал өндүрүү тууралуу жаңы макулдашуулар даярдалып жатканын айткан.
"Канткен күндө да, биз элебизди коргоого милдеттүүбүз",- деген ал.