Кыргызстанда ушул жылдын январь-июнь айларында 31 255 жаран пенсияга чыкты.
Социалдык фонддун маалыматына караганда, июнь айында 3379 жаранга пенсия чектелди.
Ошондой эле 1283 пенсионердин пенсиясы (эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде) кайра эсептелди.
Эске салсак, өлкөдө 785 миңге жакын пенсионер бар. Пенсия тууралуу суроолор болсо 1202 номерине кайрылса болот.