Ош облусунун Араван районунда 23 жаштагы келин асынган абалда табылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-июлда облустук милициядан тастыкташты.
Факты Араван РИИБине каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда күбөлөр суралып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Келиндин артында эки баласы калды.
Ал эми айрым жергиликтүү басылмалар маркумдун жакыны берген маалыматка таянып, үй-бүлөдө зордук-зомбулукка дуушар болуп келгенин жазып чыгышты.