Эртең, 4-июлда республиканын аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында абанын табы түнкүсүн +19... +24, күндүз +36... +41 градуска чейин жетет.
Абанын температурасы:
Бишкек шаарында түнкүсүн +20... +22, күндүз +37... +39;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17.. +22, күндүз +35 ... +40;
Талас жергесинде түнкүсүн +14... +19, күндүз +33... +38;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11... +16, күндүз +25 ... +30;
Нарында түнкүсүн +7... +12, күндүз +26... +31.
1-июлда өлкөдө 3-5-июль күндөрү абанын температурасы акырындык менен жогорулашы күтүлүп жатканы кабарланган. Мындай аба ырайында ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө сунушталат.