Трамп менен Зеленский жакынкы күндөрү телефон аркылуу сүйлөшүшөт

АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский жакынкы күндөрү телефон аркылуу сүйлөшүшөт. Бул тууралуу Politico басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, тараптар сүйлөшүүнү пландаштыруу иштерин 1-июлдан тарта башташкан. Анда АКШнын Украинанын айрым курал-жарактарын жеткирүүнү токтоткону тууралуу маалыматтар тарай баштаган. Буга чейин Киев да, Брюссел да мындай чечим тууралуу алдын ала кабар алган эмес жана анын себептерин так билишпейт.

Өкмөттүк катчы Тэмми Брюс кечээ Вашингтон Киевге аскердик жардам көрсөтүүнү улантарын, бирок зениттик жана башка айрым ракеталарды жеткирүүнү токтотконун билдирди. Анын айтымында, АКШ бул тууралуу Украинаны алдын ала кабарлаган. Politico булактары Пентагондун жеткирүүнү токтотуу чечими курал запастарынын түгөнүү коркунучу менен байланыштуу экенин айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан