Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарган милиция кызматкери сыйланды

Ысык-Көлдө сууга чөгүп бара жаткан 10 жашар өспүрүмдү сактап калган эрдиги үчүн туристтик-экологиялык милиция кызматынын тескөөчүсү Акылбек Макеев Ардак грамота менен сыйланды.

ИИМдин маалыматына ылайык, сыйлыкты облустук милициянын башчысы Мурат Боронов тапшырды.

Боронов милициянын лейтенантына ыраазычылык билдирип, анын кесипкөйлүгү жана кайраттуулугу башка кызматкерлерге жана жарандарга өрнөк боло турган иш экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан