Грециянын Крит аралында ири өрт чыкты

Грециядагы белгилүү туристтик аймак — Крит аралында ири токой өртү чыгып, 1500дөн ашуун адам эвакуацияланды. Алардын арасында жергиликтүү жашоочулар жана деңиз жээгиндеги мейманканаларда эс алып жаткан туристтер бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, өрт кечээ, 2-июль күнү түштөн кийин Иерапетра шаарына жакын токойлуу тоолордон чыккан. Катуу шамал жана кургак аба ырайы өрттүн бат тарашына шарт түзүп, от 6 чакырымдан ашык жерге жайылды.

6 айыл бошотулуп, эл убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды. Кээ бир туристтер түтүн каптаган пляждардан деңиз аркылуу куткарылды.

230дан ашык өрт өчүрүүчү, атайын техникалар жана тик учактар тартылып, түн ичинде да иш уланды. Өрттүн айынан бир нече үй жана ижарага берилчү жайлар жабыркады. Аймактардын айрымдарында жарык өчүрүлгөн, абанын сапаты начарлады.

Грек бийлиги кырдаалды көзөмөлдөп жатат жана зарыл болсо кошумча эвакуация болорун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан