Кыргызстанда быйылкы жылдын январь-май айларында ажырашуулардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин анализинен байкоого болот.
Быйыл январь-май айларында Кыргызстанда 4 578 жубай ажырашкан, бул былтыркыга салыштырмалуу 119га көп.
Ошол эле учурда никеге катталгандардын да саны азайган. Алсак, былтыр январь-май айларында 14 634 нике катталса, быйыл ушул эле мезгилде 13 409 нике каттоодон өткөн. Бул былтыркыга караганда 1225ке аз.