Бүгүн, 3-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Азербайжандын маданият министри Адил Керимли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында ЭКУнун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжандын Агдам районундагы "Айкөл Манас" мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.