Парижде Макрондун жубайынын айланасындагы имиштерге байланышы бар хирургдун сөөгү табылды

Франциянын биринчи айымы Брижит Макрондун жынысын алмаштыруу боюнча басылмалардагы маалыматтарда аты аталган хирург Франсуа Фаврдын сөөгү Парижде табылган. Бул тууралуу Enquete du jour басылмасы жазып чыкты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 29-июнда 58 жаштагы дарыгердин жансыз денеси көп кабаттуу имараттын 12-кабатынан кулап түшкөн жеринен табылган. Соттук-медициналык экспертиза Франсуа Фавр өз жанын кыйган деген бүтүмгө келген.

Фавр Париждеги престиждүү клиникалардын биринде иштеген жогорку квалификациялуу адис катары белгилүү.

Бирок маркумдун жакындары экспертизанын жыйынтыгынан күмөн санашууда. Маркумдун эжеси ал өз жанын кыюуга бармак эместигин айткан. Ал Фаврдын өлүмү Брижит Макронго байланыштуу айрым деталдарды ачып бере турган пландалган интервьюсуна байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан