Сауд Арабиясында АКШнын өндүрүшүндөгү Жогорку бийиктиктеги акыркы бөлүктө абадан коргонуу системи (THAAD – Terminal High Altitude Area Defense) расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын расмий SPA маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, системди орнотуудан мурун зарыл болгон сынактар, текшерүүлөр жана өлкө аймагындагы аскерлер үчүн талаа машыгуулары өткөрүлгөн.
THAAD системи өлкөдө биринчи жолу колдонууга берилгендиктен Жидда шаарындагы Аба коргонуу күчтөрүнүн институтунда атайын салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага Аба күчтөрүнүн командири Мезид бин Сулейман аль-Амр катышты.
Иш-чарада генерал аль-Амр, THAAD системин көзөмөлдөй турган аскердик бөлүктүн командирине бөлүмдүн туусун тапшырды.
Маалыматта айтылгандай, АКШ тарабынан иштелип чыккан бул систем Сауд Арабиясцнын армиясынын даярдыгын жогорулатуу жана өлкөнүн аба мейкиндиги менен стратегиялык объекттерин коргоо максатында орнотулган.
Маалымат үчүн: THAAD — АКШнын Кургактагы күчтөрүнө таандык, Lockheed Martin компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Кыска жана орто аралыктагы баллистикалык ракеталардан коргоого багытталган абадан коргонуу системи болуп эсептелет.