Ошто сууга түшүп кеткен эки өспүрүмдүн сөөгү табылды

Оштун Чоң-Алай районунун Шибе айылындагы сууга түшүп кеткен эки өспүрүмдүн жансыз денелери табылды. Бул тууралуу ӨКМ бүгүн, 5-июлда билдирди.
Анда кабарлангандай, 4-июль саат 20:20 чамасында Жантайма жайлоосунда жайгашкан көпүрөдөн өтүп бара жаткан учурда 16 жана 8 жаштагы эки бала сууга түшүп кеткен.
Кечээ издөө-куткаруу иштери жүрүп, кеч киргендиктен токтотулган.
Бүгүн, 5-июлда саат 7:00 чамасында эки баланын тең жансыз денелери табылып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан