Индонезияда Левотоби жанар тоосу атылып, жогорку деңгээлдеги кооптуу абал жарыяланды

Бүгүн, 7-июлда Индонезиянын Флорес аралында жайгашкан Левотоби жанар тоосу ойгонуп, атыла баштады. Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, күлдүн көтөрүлгөн бийиктиги 19 чакырымга жетти. Бул көрүнүшкө байланыштуу жергиликтүү тургундар жана коноктор үчүн эң жогорку деңгээлдеги кооптуу абал жарыяланды.

Япониянын метеорологиялык кызматы учурда изилдөө иштерин жүргүзүп, бул атылуу цунаминин пайда болуусуна алып келиши мүмкүн экенин айтууда.

Жергиликтүү жана чет элдик тургундарга жанар тоонун кратерине 6 чакырымдан жакын барууга тыюу салынды. Метеорологдордун маалыматына караганда, эгер цунами жаралса, ал Япония жээгине саат 15:30дар чамасында (жергиликтүү убакыт боюнча) жетиши мүмкүн.

Левотоби Индонезиядагы эң активдүү жанар тоолордун бири болуп эсептелет. Ал эки чокуга ээ: эң активдүүсү — Левотоби Лаки-лаки (1584 метр), ал Перемпуан чокусунан (1703 метр) 2 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Индонезия Тынч океандык "оттуу шакек" деп аталган аймакта жайгашкан. Бул аймак жер титирөөлөр жана жанар тоолордун активдүүлүгү менен белгилүү. Өлкөдө 500дөн ашык жанар тоо бар, алардын болжол менен 130у азыр активдүү абалда.

Буга чейин, 17-июнда Левотоби Лаки-лаки жанар тоосу асманга 11 чакырымга чейин күл чачып, андан улам улуттук вулканология агенттиги кооптуулук деңгээлин жогору көтөргөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан